Мазмунга өтүү

2014 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Википедия — ачык энциклопедия
("Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014‎"‎ барагынан багытталды)

англ. World Nomad Games 2014'
Оюн тууралуу маалыматтар
Өткөрүү жайы Кыргызстан Ысык-Көл, Кыргызстан
      Өткөрүү шаарлары Чолпон-Ата
      Стадиондору Чолпон ата ат майданы
Катышуучу өлкөлөр 19 өлкө
Спортчулардын саны 430дан ашуун спортчу
Ачылыш аземи 20:00, 9-сентябрь 2014
Ачкан Алмазбек Атамбаев
Жабылыш аземи 2014
Хронологиясы
Расмий сайты

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (англ. World Nomad Games) — этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдеш. Мелдешти өткөрүү демилгеси 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы тарыхта биринчи ирет Кыргызстанда өткөрүлүүдө. Мелдешке Азия, Европа, Түштүк Америка, Америка өлкөлөрү катыша тургандыгын билдиришкен.

Оюндардын ырааттамасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
 ● Ачылыш аземи ● Оюндар ● Жабылыш аземи
Дата09.09
ШШ
10.09
ШР
11.09
БШ
12.09
ЖМ
13.09
ИШ
14.09
ЖШ
Аземдер ● ●
Көк бөрү ● ● ● ● ●
Кыргыз күрөш ●
Алыш ●
Казак күрөш ●
Тогуз коргоол ● ● ● ●
Эр эңиш ●
Кунан чабыш ●
Аламан байге ●
Жорго салыш ●
Ордо ● ● ● ● ●
Элдик көрсөтмө оюндар ● ● ●
Маданий иш-чаралар ● ● ● ●
Дата09.09
ШШ
10.09
ШР
11.09
БШ
12.09
ЖМ
13.09
ИШ
14.09
ЖШ

Катышуучу өлкөлөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Катышуучу өлкөлөр
 Австрия
 Азербайжан
 АКШ
 Беларусь
 Бразилия
 Венгрия **
 Германия
 Казакстан
 Корея Республикасы
 Кыргызстан *
 Литва
 Малайзия **
 Моңголстан
 Ооганстан
 Орусия
 Өзбекстан
 ТАР **
 Тажикстан
 Түркия
 Түркмөнстан
 Франция
 Швеция

* уюштуруучу өлкө катары, ар бир спорт түрүнөн экиден курама алып чыгат.
** катыша тургандыгын оозеки түрдө билдирген.

Өлкөлөр жалпы медалдар саны боюнча

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

     Мелдеш ээси

Орун Өлкө Алтын Күмүш Коло Жалпы
1 Кыргызстан16201955
2 Казакстан109928
3 Түркмөнстан336
4 Тажикстан134
5 Моңголстан167
6 Орусия55
7 Өзбекстан44
Жалпы303049109